Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Реакция жүрө баштады». ЖК депутаттары коррупцияга каршы митинг боюнча эмне дешти?

 «Бир эле факты эмес, коррупциондук бардык көрүнүштү токтотуу зарыл»

Кыргызстандын бийлиги коррупцияга каршы өткөн бүгүнкү митингге чогулган элдин нааразычылыгы боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынынын күн тартибине маселени киргизүү менен аракет көрө баштады көрүнөт. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ушундай пикирлерин билдиришти.

- Коопсуздук кеңешинин катчысы жакында бул маселени көтөрөрүн билдирди - деди Vesti.kg сайтына Нурбек Алимбеков. – Демек, реакция жүрө баштады. Коррупцияга каршы күрөш токтобошу керек жана бир эле факты боюнча эмес - бардыгы боюнча.

Кесиптеши Марлен Маматалиев аянтка канча киши чыкпасын, коомдук пикир ушундай бойдон каларын белгиледи. Эл өлкөдөгү коррупциялык схемалардын бардыгына юридикалык баа берүүнү ачык талап кылып жатат.

- Журналисттер баштаган иликтөөнү аягына чыгарыш керек - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. – Коопсуздук кеңешинде кандай тапшырмалар айтылбасын, айтылган фактылар ачык жана калыс иликтенүүгө тийиш.
Элдин ар бир кыймылы - бийлик үчүн белги - деп кошумчалады Мухтарбек Айнакулов.

Ал бүгүнкү акция өкмөт менен укук коргоо органдары тарабынан реакцияны алып келерине үмүт артат.

- Коррупцияга каршы сөз менен эле эмес, иш жүзүндө күрөшүү зарыл - деп сөзүн жыйынтыктады ал. - Эл аянтка келди. Бул өз жемишин берет деп ишенем.

Бүгүн «Ала-Тоо» аянтынгады 2010-жылдын 7-апрелинин курмандыктарынын урматына орнотулган эстеликтин жанынан 1000ге жакын адам чогулган. Митингчилер колдоруна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтү менен бийликке «эскертүү» берген сары кагаздарды көтөрүп барышкан.

Митингдин катышуучулары «Райым кетсин!», «Мыйзам бардыгына бирдей», «Раим камалсын!», «Уурулар түрмөгө» деп кыйкырып жатышты . Алардын арасында «Үмүт 2020» кыймылынын лидери Ширин Айтматова, экс-депутат Чолпон Жакупова, КСДПнын мүчөсү Адиль Турдукулов, ошондой эле ата мекендик шоу-бизнес жылдыздары болду.

Бир нече чагымчылдар «Соке, чык эшикке!» деп кыйкыра башташты эле, калган эл алардын оозун тез эле басып койду.

Башаламандык болгон жок, элди эч ким курчоого да алган жок. Митинг аяктаган соң элдер акырын аянттан узап кетишти.

Бир нече саат мурда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бажыдагы коррупция кийинки жыйында талкууга алынарын маалымдады.

Буга чейин Vesti.kg OCCRP, «Азаттык» радиосу тарабынан даярдалган «Кыргызстан аркылуу 700 млн доллар чыгарып кеткен Айеркен Саймаитинин окуясы» материалы жөнүндө жазган эле.

Авторлордун айтымында ишкер жүргүзүп келген махинациялары жөнүндө өзү журналисттер менен бөлүшөйүн деп чечкен, анткени, мурдагы өнөктөштөрү аны жөн койбосуна көзү жетип, өмүрү үчүн кооптонгон.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх