Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Матраимов эмнеге ал Ош облусундагы башка акимдерге караганда алда канча көп киреше тапканын түшүндүрдү

 Кара-Суу районунун башчысынын айтымында ал ишкерлик менен алектенбейт

Ош облусуна карашту Кара-Суу райоунун акими Тилек Матраимов декларациядагы маалыматтарга ылайык өткөн жылы 2 млн 333 294, 17 сом киреше тапкан. Бул Ош облусундагы башка райондордун акимдери тапкан кирешеге караганда алда канча көп.

Тактап айтсак, мисалга Алай районунун акими Замирбек Молдокулов өткөн жылы 527 897, 6 сом киреше тапкан. Чон-Алай районунун акими Жумадилла Жапаровдун кирешеси 412 385, 1 сомду түзгөн. Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев 300 220 сом тапкан. Лейлек районунун башчысы Баймурат Бекмуратовдун өткөн жылдагы кирешеси 1 017 717 сомду түзгөн.

 Буга байланыштуу Vesti.kg Кара-Суу районунун акими, ЖК депутаты Искендер Матраимов менен МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимовго кайрылды.

- Салык салынчу жана салынбачу кирешелер болот - деп түшүндүрдү ал. Декларацияда кирешелер көрсөтүлгөн. Андан кийин салык салынчу каражаттар кетет. Ар бир адамдаын мамлекет тарабынан берилген жер тилкелери бар. Ижарага берилчү жерлер бар. Мен айылда жашагандыктан мал чарбачылыгы менен алектенем. Мал алып-сатам. Мындан түшчү кирешем бар. Тигил же бул малды алып-саткандыгым жөнүндө маалымкаттарым бар. Мен ишкер эмесмин. Менда башка киреше жок. Бул салык салынбаган пайда.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх