Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роза Отунбаева бүгүн Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча сотко келет

Жыйын борбор калаанын Биринчи май райондук сотунда өтөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боючан кайра карайт.

Соттук жыйын 10:00го белгиленген.

Кечээ Текебаевдин тарапташтары социалдык тармактарда сотко өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева жана башка саясатчылар келерин маалымдашкан.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үстүбүздөгү жылдын 29-августунда үй камагына чыгарылышкан.

Саясатчылар россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алгандыгы боюнча күнөөлүү деп табылышып, КРнын ККнин «Коррупция» беренеси боюнча соттолушкан.

Экөө тең сегиз жылга эркинен ажыратылып, мүлктөрү конфискацияланган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх