Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Мамлекеттик ЖМКлар митингди Америка тарабынан уюштурулду дешүүдө

Парламент мүчөсүнүн пикиринде Кыргызстанда уурулук менен коррупцияга каршы акция жүргөнүнө арданбаш керек

Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары 25-ноябрда Бишкекте өткөн митинг АКШ тарабынан уюштурулганын айтышууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.

- Дүйшөмбү күнү коррупцияга каршы митинг өттү - деп эске салды ал. - Үн катпай отура берсек туура эмес болуп калат. Мамлекеттик ЖМКлар митингди Америка уюштурду деп атышат. Биз бул мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциясы маселесин карап чыгышыбыз керек. Болуп жаткан окуялар жөнүндө ачык айтуу зарыл. Контрабанда жөнүндө гана айтылды. Бизде митинг болду деп арданбашыбыз керек. Эч ким президентке каршы эч нерсе сүйлөгөн жок. «Раим-миллион» жөнүндө бардык эле өлкөлөр билет.

Эске салсак, Бишкекте дүйшөмбү күнү уурулук менен коррупцияга каршы тынчтык митинги өттү. Белгилей кетсек, аталган акциянын анык белгиленген уюштуруучулары болгон эмес.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх