Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаев: Ресторанда мен Раиса Атамбаева эмес башка аял менен отургам

Экс-депутат ал мурдагы президенттин жубайы менен жолуккан деген сөздөр боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева менен жолукпаганын айтты.

Vesti.kg сайтына берген маегинде саясатчы чындыгында эле үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында «Torro Grill I Bar» ресторанында болгонун ырастады.

- Мен чынында эле ал жерге бир айым менен баргам, бирок ал Роза Отунбаева болчу - деп тактады ал. - Ал мени тамактанууга чакырган. Ал ресторанда Раиса Атамбаева болгон эмес. Күбөлөр бар. Мисалы, ал жактын кызматкерлери. Андан сырткары, байкоо камераларынан алынган жазуулар бар.

Мурдагы эл өкүлү Өмүрбек Текебаев Раиса Атамбаева менен жолукканы жөнүндө маалымат бүгүн Фейсбук социалдык тармагында пайда болгон.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх