Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Саймаитинин улутуна басым кылганым үчүн элден кечирим сурайм

Депутат журналисттик иликтөө чыккандан бери ал стресс абалында жүргөнүн жана мындай оор айыптоолор анын ден-соолугуна начар таасир тийгизип жатканын жашырган жок

ЖК депутаты Искендер Матраимов Кыргызстандын элинен жана ЭКККМКнын төрагасы Бакир Таировдун ЖКнын профилдик комитетинде эмоционалдуулук менен маркум ишкер Айэеркен Саймаитинин улуту жөнүндө сөз кылганы үчүн кечирим сурады.
- Кечээ ЖКнын экономика жана фискалдык саясат комитетинин бирдиктүү жыйынында мен «Азаттык» радиосунан биздин үй-бүлөнү күнөөсүз жерден айыптаган адамдардын сөздөрүн текшербей туруп, жарыялабоону талап кылгам - деди парламент мүчөсү Vesti.kg сайтына. - Мындан сырткары, ЭКККМКнын төрагасы Бакир Таировго карата да кызуу кандуу сөздөр айтылды мен тараптан. Негизсиз айыптоолорго толгон журналисттик иликтөө жарыкка чыккандан бери мен стресс абалында жүргөнүмдү жашырбайм. Мындай оор айыптоолор менен акыйкатсыз маалыматтык кодулоо менин ден-соолугума терс таасирин тийгизбей койгон жок. Мен элден ишкердин улутуна басым жасаганым үчүн ошондой эле Бакир Таировдон кечирим сурап кетем.

Муну менен бирге Матраимов Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин белгиледи.
-

Кыргызстан - бай маданий көп түрдүүлүккө ээ 80ден ашык улут ээлеринин мекени - дейт депутат. - КРнын Конституциясынын 15-беренесине ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Тактай кетсек, кечээ ЖКнын профилдик комитетинин жыйынынын жүрүшүндө депутат Искендер Матраимов Каржы полициясынын башчысы Бакир Таировго кайрылып жатып, журналисттерди маалыматтарды тыкыр текшерүүгө чакырды. Бирок, өз сөзүн эл өкүлү «Маркум уйгурдун сөзү боюнча» деп баштаганы соцтармактардын колдонуучуларынын катуу сынына кабылган. Алар депутаттыкты улутчулдукка айыпташкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх