Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор боюнча үн катты

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен укук коргоо органдары тарабынан текшерүү башталганын билдирди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев трибунадан «Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан даярдалган Кыргызстандын бажысындагы коррупция жана өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 миллион доллар туурасындагы журналисттик иликтөөсү боюнча үн катты.

Өкмөт башчы журналисттердин материалында айтылган фактылар боюнча учурда текшерүү башталганын белгиледи.

- Коомдо 700 миллион доллар боюнча кызуу талкуу жүрүүдө, биз дагы үн катышыбыз керек - деп баса белгиледи Абылгазиев. - Мен жарандарды, атайын комиссия түзгөн депутаттарды колдойм. Биз бул комитеттин ишине кол кабыш кылууга даярбыз. Мындан сырткары, президенттин тапшырмасы менен сөз болгон фактылар боюнча укук коргоо органдары текшерүү башташканын айткым келет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх