Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Адыл Жунус уулу декларацияда көрсөтүлбөгөн бизнес туурасында: Мени ал компания менен эч нерсе байланыштырбайт

 Парламент мүчөсү «Норсвест Майнинг Компани» ЖЧКсынын негиздөөчүсү экенин четке какты

«Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат Адыл Жунус уулу өзүнүн салык декларациясында негиздөөчүсү болуп эсептелген компанияны көрсөтпөй койгонун четке какты. Парламент мүчөсү Vesti.kg сайтына Factcheck.kg сайтына жарыяланган маалымат боюнча ушундай жооп кайтарды.

Порталдын маалыматтарына ылайык, Адыл Жунус уулу ЖК депутаты бир эле маалда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албасы, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын курамына же байкоочу кеңешине кире албасы жазылган депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө негизги мыйзамды («Жогорку Кеңештин депутаты статусу жөнүндө») бузгандыгы айтылган.

Тагыраагы, Factcheck Юстиция министрлиги менен OsOO.kg порталынын маалымат базаларына таянып, учурда «Норсвест Майнинг Компани» ЖЧКсынын жалгыз уюмдаштыруучусу экенин маалымдаган.

Белгиленгендей, компания 2017-жылдын 14-августунда- Жунус уулу Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган кезде кайра каттоодон өткөн. Компаниянын эки ээси бар. Жунус уулунан сырткары компанияга «Грейт Норсвест Майнинг Компани» ЖЧКсы ээлик кылат. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү - асыл металл кендерин казып, байытуу болуп саналат. 2013-2018-жылдары аталган компания бюджетке 13 млн сомго салык төлөгөн.
Factcheck порталы эл өкүлүнү 2015, 2016 жана 2017-жылдардагы декларацияларын текшерип чыккан. Журналисттер Адыл Жунус уулу киреше жана мүлкү тууралуу өз отчетторунда расмий маянасын, мүлкүнөн 2006-жылы чыккан «Лексус GX470» автоунаасын гана көрсөткөнүн аныкташкан.

Сайттын маалыматына ылайык, парламент мүчөсүнүн жакындары алда канча көп мүлккө ээ:

66 м2 аянттагы батир
0.5 га аянттагы айыл чарба багытындагы эмес жер
39 м2 аянттагы үй
1.9 га аянттагы айыл чарба багытындагы эмес жер
0.2 га аянттагы айыл чарба багытындагы эмес жер
70 м2 аянттагы үй
761 м2 аянттагы үй
2627 м2 аянттагы башка капиталдык курулуштар

Vesti.kg ЖК депутаты Адыл Жунус уулунун өзүнө кайрылды.

- Мени бул компания менен эч нерсе байланыштырбайт - деди эл өкүлү. Юристтер 2015-жылы эле «Норсвест Майнинг Компани» ЖЧКсын башка адамдарга өткөрүп берген. Мындай маалыматты кайдан алышты билбейм. Интернетте бул жөнүндө маалымат качандыр бир кезде көрсөтүлсө керек, ошондон аны дагы эле мени менен байланыштырып жатышат.

Ал эми Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган парламент мүчөсүнүн биографиясында Адыл Жунус уулу 2013-жылы «Норвест Майнинг Компани» ЖЧКсынын уюмдаштыруучусу болуп, директорлук кызматты ээлегени жазылган. 2015-жылы ал ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Муну менен бирге эл өкүлү 1995-жылдан 2015-жылга чейин, ЖКнын депутаты болуп шайлангыча жеке ишкерлик менен алектенгени белгиленген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх