Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

  Жылдызкан Жолдошева: Роза Отунбаева кантип ушинтип айтууга оозу барды?! Айылдыктар шаардыктардан да маданияттуу керек болсо

Экс-депутат өткөөл мезгилдеги мурдагы президентти бул статустан ажыратууну сунуштоодо

Өткөөл мезгилдеги экс-президент Роза Отунбаева айылдык тургундардын дарегине одоно сөздөрү айтып алды. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына экс-депутат Жылдызкан Жолдошева бөлүштү.

- Кантип ушинтип айтууга оозу барды, айылдыктар ошол маданияттуу жарандарды багат го - деди кыжырданган мурдагы эл өкүлү. - Биздин өлкөгө акча которуп, экономиканы көтөрүп келаткан мигранттардын дээрлик бардыгы да айылдыктар. Мен өзүм деле айылдыкмын, Отунбаевага мындай сөздөрдү айтууга жол бербейм. Ал качандыр бир кезде биздин өлкөнүн бардыгына жана ошол маданияты төмөн адамдарга жоопкерчилик алганын унуткан го. Бул, бирок трагедияга гана алып келген жана ал ушуга чейин ал үчүн жооп бере элек.

Жылдызкан Айтибаевна тергөө органдары Роза Отунбаеванын фондунун ишмердүүлүгүн текшерүүгө тийиштигин кошумчалады.

- Ал акчаны кайдан алат жана алар кайда жумшаларын аныкташ керек - деди экс-депутат. - Отунбаева өткөөл мезгилдеги президент катары элди бириктириш керек. Ал болсо, тескерисинче жарандарды маданияттуу-маданиятсыз кылып экиге бөлүп жатат. Мындай жоругу үчүн экс-президенттик статусун дагы алып салууга болот. Атамбаев өзүнүн кылгандары үчүн жооп берип жатат го. Ал дагы жоопкерчилик тартсын. Ал эми айылдыктар керек болсо көптөгөн шаардыктарга караганда маданияттуу - алар жок дегенде биздин салт-санааларыбызды сакташат.

Тактай кетсек, Роза Отунбаева иш-чаралардын биринде көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан чырлуу «Феминнале» көргөзмөсү тууралуу өз пикири менен бөлүшкөн. Ал көргөзмөнүн жабылышын маданий иш-чарага басып келбеген адамдар талап кылганына нааразы болгон.

«Шаардын жарымы айылга айланды - деген ал. - Биз, бирок, айылдыктардын деңгээлине түшүп, кайра артка бара албайбыз да. Мен музейлерде сөзсүз эле ушундай жылаңач денелерди көрсөтүш керек деп аларды актаган жокмун, бирок, өлкөнү өзгөртөм деген мындай тажрыйбалуу, эмгеги сиңген адамды дароо алып таштоо туура эмес.
Кечиресиздер, биз айылдык, шаардык, мырк, дагы башка болуп бөлүнөбүз жакында. Айылдан келгендер, ойлонгула, кичине маданиятыңарда көтөргүлө. Мындай болбойт. Муну заманбап искусство дейт».

Ал ортодо тарых илимдеринин доктору, тарыхчы Айнура Арзыматова Vesti.kg сайтына берген маегинде ал дагы Роза Отунбаеванын сөзүн колдобосун белгиледи.

- Мындай сөздөр - мамлекеттин мурдагы башчысынын деңгээлинде эмес - деди ал. -Бирок, бул жагдайда жоопкерчиликти бири-бирине улам оодара берүү да болбойт. Мындай учурда Лувр же Эрмитажда ушундай иш-чарага уруксат берилет беле-жокпу деген суроо салуу керек. Бул музейлердин коноктору муну кандай кабыл алышат эле? Менимче, аларда деле улуттук музейдеги жылаңач аял - жогорку искусство эмес, уятсыз примитивизм дешмек.

Айнура Атыгаевна өз сөздөрү менен элди бөлүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg көргөзмөнүн кээ бир экспонаттары коомдо катуу сын-пикирди жаратканын жазган.
Жыйынтыкта музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, маданият министри ага кол коюп берген.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх