Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Строкова: Эмне үчүн "Финпол» менен ИИМдин кызматкерлерине бекер үй берилет да, мугалимдер менен врачтарга берилбейт? 

Эл өкүлү аз айлык алган кесиптин өкүлдөрүн алар төлөп көтөрө албаган ипотекага олтургузуп коюшкандыгы тууралу билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова парламенттин жыйынында ЭКККМКнын, ИИМнин кызматкерлерине жана аскер адамдарына мугалимдер менен врачтардан айырмаланып бекер үй-жай менен камсыздандырылат деп ачуланды. 

- Учурда Финполициянын, ИИМдин кызматкерлерине жана аскер адамдарына бекер үй-жай берилип жатканы аябай кубандырат, - деди парламентарий. - Алар мындайга татыктуу. Бирок, эмнеге мындай сыйга мугалимдер менен врачтар татыбайт? Эмне үчүн эң аз айлык акы алган, коргоого муктаждыгы бар кызматкерлер мындай социалдык үй-жайга татыктуу эмес? Финполициянын кызматкерлеринин айлык акылары мугалимдердикине караганда кыйла жогору. Ошол эле учурда мугалимдер менен врачтарды ипотекага олтургузуп коюшту. Алар аны көтөрө алышпайт. 

Медина Купсулдаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх