Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаар» камераларынан тартылган сүрөт кантип түйүнгө түштү? ИИМдин жана  «Инфокомдун» жооптору 

Мүмкүн МККнын башчысы түшкөн жасалма номери болгон машинага байланышкан сүрөт түпөйүл суроолорду жаратты, ага так жоопту компетенттүү органдар берише элек 

Кечээ жакындагы жасалма автономерлер менен болгон чуунун ортосунда МККнын башчысы Алмаз Мамбетов ортого чыкты. 

Түйүндө «Коопсуз шаардын» камералары тарткан сүрөт пайда болду. кадрда - Mercedes, мамлекеттик номери 578 ACD. Номерди жасалма деп аташты, 2019-жылдын апрелинен бери ал номерди беш жолу байкашкан. Kaktus.media жазгандай, 2-апрелде белгисиз  Lexusта, 3-майда башка. кара түстөгү Lexusта көрүшкөн. 23-майда ал номерди БМВда көрүшкөн, ал эми 3-декабрда - Toyota автомашинасында, 1-декабрда болсо ошол эле номер менен Mercedes автомашинасы ылдамдык режимин бузуу менен 74км/саат ылдамдыкта бараткан. Аябай шамал кууган мамлекеттик номер. 

Андан дагы, МККнын маалымат базасында аталган номер катталган эмес, бул деген андай номердин такыр эле жок экендигинде. 

Бул дагы эң кызыктуусу эмес - автомобилдин айдоочусун социалдык түйүндүн колдонуучулары мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов катары таанышты, анын катарындагы жүргүнчүнүн олтургучунда - анын орун басары Айнура Тойбаеваны таанышты. Өздөрүнүн жетекчисин анын кээ бир кызматкерлери да таанышты. 

Бул табылганын өтө эле күлкүлүү жагы, Алмаз Мамбетовдун кечээ эле ЖКЭин бузгандыгы үчүн айып пулду төмөндөтүүгө чакыргандыгы. 

«Мен дагы ЖКЭин бузгандыгы үчун айып пулдар негизсиз жогорулатылган деп эсептеймин, - деп айткан ал. - Кээ бир жерлерде бузууга туура келет, кээ бир учурларда ылдамдыкты жогорулатасың. Өзгөчө Бишкек - Балыкчы трассасында. Мага бир канча жолу «Бакыт каттары» келген.

Ал учурда МККнын жетекчиси сүрөттө өзү экендигин четке кагат, бирок, ошол эле учурда белгисиз адам ага окшош болуп жаткандыгын танбайт. 

«Коопсуз шаар» камераларынан сүрөттөр тартылган учурда, мен досторум менен алар уюштурган иш-чарада болгонмун», - деп жооп берди Мамбетов.

Ал «Арча Бешик» жаңы конушундагы досунун жаңы үйүн майрамдоо салтанатына барып, мейман болгондугун түшүндүрдү. Төраганын айткандары боюнча, анын бул сөздөрун 20дай киши тастыктап берет деп эсептейт.  Алардын бири Кайрат Маматов, Мамбетов менен столдо катар олтурган сүрөтү менен бөлүштү. 

МККнын төрагасынын айтымында, жумуш күндөрү ал кызматтык автоунаасында айдоочусу менен, ал эми эс алуу күндөрү - жеке автоунаасында - кара түстөгү мамлекеттик номери 5525 болгон   Merсedes автомашинасында жүрөт.

Болуптур, ошондой эле болсун. Бирок, мындай болгон күндө да сууроолор жаралат. Алардын эң негизгиси, мүмкүн Алмаз Мамбетов тартылган кадр кантип Түйүндөрдө пайда болду экен? Демек, ар бир автосүйүүчүнүн сүрөтү, керек болсо жолдон өтүп бара жаткандардын сүрөтүн ачык эле каалаган убакта түйүндөргө чыгара берсек боло берет турбайбы? Мында маалыматтарды сактоо кай жакка кетти? 

ИИМдин ЖКККББнын маалымат катчылыгынан Vesti.kg сайтын Мониторинг борборунун операторлору иштерине араң жетишип жатса, кайдагы сүрөттөрдү таркатып жарыялоо тууралу сөз болот, мындай болушу мүмкүн эмес деп ишендиришти. 

- «Инфокомдон» сураңыздар, кантип сүрөт интернетке чыгып кеткендигин, - деп айтышты ал жактан. – «Инфоком» - «Коопсуз шаардын» бардык маалыматтарынын ээси, а биз болсок жөнөкөй эле аткаруучуларданбыз. «Инфокомдон» кандай маалыматтарды алсак, ошону эле иштеп чыгабыз. Бизде аны таркатуу мүмкүн эмес. Ал эми болгон ишти комментариялоо - биздин компетенцияга кирбейт. 

«Инфоком» МИсында абалды башкача көрүшөт. Ал жерден мамлекеттик ишкананын серверлерди гана тейлей тургандыгын жана системага техникалык колдоо көрсөтүшөрүн Vesti.kg сайтына көрсөтүштү. Бирок, алардын колдонуучусу эмес экендиктерине ынандырышты.

- Бул демек, биз маалыматтар менен колдоно албайбыз, биздин кызматкерлердин ал маалыматтарга кирүүгө акысы жок, - деп карышылык билдиришти маалымат кызматынан. - Колдонуучулар болуп КР ИИМнин мониторинг Борбору эсептелет. Адам сүрөтттөрү жана башкаларды жалгыз ошол жерден карап олтурат.

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх