Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы: ЖМКнын эсептерин кмакка алуу президенттин имиджине гана эмес, биздин демократиялык өлкөбүздүн имиджине да чоң сокку болот 

Ошол эле учурда Толгонай Стамалиева, мамлекет башчысынын кандай абалда болсо да, көңүл бөлүшү коомчулук тарабынан сотторго карата анын басымы катары бааланышы  мүмкүн

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева өлкөбүздүн медиаресурстары "Азаттак", "Клооп" жана "25.kg" сайтттарынын эсептерин камакка алуунун айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу түшүндүрмө берди. 

«Баарыңыздарга белгилүү, президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин коргоо жана күчтүү жарандык коомго жетүү  принциптери карманат. 

Бул тууралу мамлекет башчыбыз, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууларда жана ата-мекендик, чет элдик ЖМКна берген инетрвьюларында өзүнүн сүйлөгөн сөздөрүндө бир канча жолу белгилеп келген. Президент өз көз-караштары менен пикирлерин өзгөртпөйт, ошондуктан, дал мына ушул фактылар  өлкөбүздүн өнүгушүндө эң маанилүү рол ойнойт. 

Мамлекет башчысынын мындай учурларда кандай гана көңүл бөлүшү болбосун, соттук териштирмелердин, же болбосо, сот чечимине басым көрсөтүү аракети катары коомчулук тарабынан кабыл алынышы мүмкүн болот. Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага байланышкандар, так укуктук талаанын чегинде жүрүшү зарыл.  

Ошол эле учурда биз, бул жүрүп жаткан нерселер, ачык жана ар тараптуу сөз эркиндигинин принциптерин колдоп жаткан президенттин имиджине гана эмес, биздин демократиялык өлкөбүздүн имиджине да сокку ургандыгын билдиребиз», – деди Стамалиева.

Президенттин аппапаратынын 

маалыматтык саясат бөлүмү

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх