Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жезкемпирге аңчылык башталды». КСДПнын элдик штабынын башчысы менен бетме-бет жолугушкандан кийин Равшан Жээнбековду камакка алышты  

Мурдагы депутат Өмүрбек Абдырахманов, өз учурунда алар Равшан Жээнбеков  менен Алмазбек Атамбаевди биринчилерден болуп сындагандыктарын эске салды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду КСДПнын Кой-Таштагы элдик штабынын жетекчиси Кыяз Исмаилов менен көзмө-көз жолугушкандыктарынан кийин камакка алышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына саясатчынын жактоочусу Замир Жоошев кабарлады.

- Ушул жылдын август айында Равшан Жээнбековду эки жолу суракка чакырышкан, - деп эске салды жактоочу. -Ошондо эле аны камакка алууну ойлошкон, бирок, андай болгон жок, себеби, алардын шектенгендигин четке каккан видеоматериаалдар бар болчу. Кечээ, Кыяз Исмаилов менен  көзмө-көз жолугушуу өткөрүлдү, андан соң Жээнбековду камакка алышты. 

Жоошевдин айтымында, Равшан  Жээнбеков эки берене боюнча кылмышка шектүү катары камакка алынган: барымтага алуу жана массалык тартип бузууларды уюштуруу. 

 - Азыркы учурда ал Бишкек шаардык ИИББнын УКЖда кармалууда, - деп жыйынтыктады жакточу. 

Мурдагы парламентарий август айында эле Facebookтагы баракчасына «мыйзам алдында таза экендигин»,  бийлик болсо, «Атамбаевдин аркасы менен бардыгын тазалап жаткандыгын» билдирген. 

Равшан Жээнбековдун пикирлеши, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов бул камакка алууну жезкемпирге аңчылык кылуу менен салыштырды. 

Vesti.kg сайты менен аңгемелешүүдө, мурдагы парламенатрий Равшан Жээнбековдун аракеттеринде эч кандай мыйзам бузуулар жок экендигин белгиледи.  

- Өлкөдө Алмазбек Атамбаевдин артынан жезкемпирге аңчылык уланууда, - дейт Абдрахманов. - Аны менен ким сүйлөшкөн болсо, ким аны менен болгон болсо, бардыгы душман болуп калып жатат. Бул мүмкүн туура эместир. Равшан Жээнбеков - демократиялык полктун бирден-бир саясатчысы, ал эми алар болсо, дайыма чындыкты көзгө сайып айтышат. Биз бир убакта Жээнбеков менен парламентте олтурганыбызда, жалгыз биз Атамбаевди сынга алчубуз. Калгандарынын бардыгы баатыр наамын беребиз, кимдир бирөөлөр көчөгө атын беребиз, улуттун атасы деп аташкан. Күч органдарынын ушунчалык төмөнгө түшүп баратканы, өтө өкүнүчтүү. Мен, анын мыйзамдарды катуу бузгандыгын көрө албай жатамын, ошондуктан аны кое беришет деп ишенемин.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх