Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дубайда кыргызстандык кыз БАЭындагы Матраимовдордун мүлкү тууралу кызыгып Жээнбековго суроо узатты (видео)

Президент ал кызга ушак сөздөргө ишенбей тургандыгын жана ал кыздан булар тууралу кандай фактылар бар экендигин сурады 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун БАЭындагы мекендештер менен болгон жолугушуусунда кыргызстандык кыз андан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү жөнүндө суроо берди.

Ал кадимки аткаминердин 12 миллион долларга Араб эмираттарынан үй сатып алгандыгын жана бул маселеге президент кандай карай тургандыгын сурады.

Мамлекет башчысы андан аталган иш боюнча фактыларды берүүнү өтүндү.

- Аталган көйгөй боюнча өзүнчө топ иштөөдө, - деп түшүндүрдү Жээнбеков. - Мында органдар анын мүлкүн текшеришүүдө. тергөө жүрүп жатат. Мен ушак сөздөргө ишене албаймын. Эгер фактыларың болсо, карындашым, текшерүүчүлөргө  аталган дарек боюнча жолукканың жакшы.  

Кыз болсо,  «Азаттык» бардык фактыларды келтиргендигин жана үй кай жерде экендигин да көрсөткөндүгүн айткан.

Президент болсо, бардык маалыматтарды көз жаздымда калтырбай тургандыгын жана алар боюнча тапшырма бере турганын айтты. 

- Мен бардык маалыматтарды көз жаздымымда калтырбаймын жана тийиштүү тапшырмаларды беремин, - деп ишендирди Соорнонбай Шарипович. - «Азаттык» да буга көңүл бөлдү. 

«Керек болсо Дубайда да «Азаттыкка» байланышкан суроолорду беришет», - деп тамашалады аягында президент. 

 

Гулиза Чудубаева

Фото и видео www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх