Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сизге көздүн жашын банкага куюп алып келейинби?!». Матраимовдун жактоочусу ал жактаган адам кандай моралдык запкы жегендигин тактаган суроого жооп берүудөн баш тартты 

«Райым-миллион» ЖМКларды соттон утуп ала турган болсо, каражаттын баарын кайрымдуулукка жумшай тургандыгын айтты

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун юристи Татьяна Карыжинская бүгүнкү пресс-жыйында ал жактаган адам кандай моралдык запкыга тушуккандыгы тууралу айткандан баш тартты.

Жактоочу, журналистерге доо тууралу эч кандай маалымат бере албай тургандыгын билдирди.

- Сиздерге көздүн жашын банкага куюп алып келейинби?! - деп ачууланды ал. - Моралдык запкы физикалык жактан көз каранды эмес. Анын мындан запкы тарткандыгын кантип далилдеп берейин?

Андан тышкары, Карыжинская, эгер Матраимов соттон утуп ала турган болсо, алган моралдык компенсациясын балдар үйлөрүнө, кайрымдуулукка жумшай тургандыгын кошумчалады. 

Гулиза Чудубаева

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх