Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдун арызын кароодон баш тарткан журналисттик этика комиссиясынын төрагасы алмашты

Бирок, комиссияда Шамарал Майчиевдин кетиши ЖК депутаты берген арыздын чечимине тиешеси жок деп ишендиришти

ЖМКларга түшкөн даттануулар боюнча комиссиянын төрагасы алмашты. Бул тууралуу аталган уюмдун Фейсбук баракчасында маалымдалды.
Комиссиянын мурдагы төрагасы Шамарал Майчиевдин ордуна Тамара Валиева келгени белгилүү болду.
Белгиленгендей, Майчиев ЖМКларга түшкөн даттануулар боюнча комиссиянын төрагалыгынан жумушунун көптүгүнөн өз эрки менен кетип, бирок, анын курамында калууну чечкен.
Бул маалыматты Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын мүчөсү Марс Төлөгөнөв ырастады. Ал Майчиевдин төрагалыктан кетиши комитеттин жакында эле ЖКнын депутаты

Искендер Матраимовдун «Азаттык» радиосуна каршы жазган арызын кароодон баш тартканы байланыштуу эместигин тактады.

- Жетекчиликтин алмашуусу менен Матраимовдун арызынын ортосунда байланыш жок - деп ишендирди Тулегенов.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх