Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмамбет Шыкмаматов: Парламентте Дастан Жумабековду эчактан бери кызматынан кетиргиси келген күчтөр бар

Депутаттар Исхак Масалиевдин ЖКнын спикерин отставкага кетирүү сунушу боюнча кандай пикирде?

ЖК төрагасы Дастан Жумабековду отставкага кетирүү маселеси - жөнү жок иш. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына «Ата Мекен» парламенттик фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов кесиптеши Исхак Масалиевдин спикерди отставкага кетирүү боюнча сунушу тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

- Анын отставкасы үчүн 80 да добуш топтолбойт го деп ойлойм - деп божомолдоду парламент мүчөсү. - Эми, шаардын атын туура эмес атоо, албетте, жакшы эмес. Бирок, бул үчүн отставкага кетирүү да туура эмес. Кимдир-бирөө орусча сөздөрдү туура эмес айтат, башкалары кыргызча. Парламентте эчактан бери спикердин ордун рокировка кылгысы келген күчтөр бар. Аларга азыр абдан ылайыктуу убакыт болуп жатат. Бирок, азыр бул маселени күчөтүүгө кеч болуп калды, анткени бул чакырылыштын иши алты айдан кийин аяктайт. Спикер модератор катары өз милдеттерин так аткарууда. Дастан Жумабеков - токтоо, конфликтүү эмес адам. Башкысы ал саясий же башка чырларга байланышкан жок.

ЖК депутаты Тынчтык Шайназаров бир эле парламент мүчөсү Дастан Жумабековду отставкага кетирүүнү демилгелей албасын белгиледи.

- Мен Исхак Абсаматовичдин пикирин сыйлайм, ал өз чечимин далилдеп берди - деди Vesti.kg сайтына Шайназаров. - Бирок, ал жерде өзүнүн процедурасы, регламенти бар. Бул маселени кароого кошууга негиз болуп фракциянын чечими саналат. Бир эле депутат мындай маселени демилгелей албайт.

Дагы бир эл өкүлү Бахадыр Сулейманов, өз кезегинде Vesti.kg сайтына учурда төраганын отставкасы тууралуу документ палатанын кароосуна түшө элегин билдирди.

- Расмий түрдө мындай билдирүү түшө элек - деди депутат. - Биз кесиптештерибиздин расмий эмес билдирүүлөрү боюнча комментарий бере албайбыз. Бул анын каалоосу, көз карашы. Документ палатага расмий түрдө түшкөндө биз карап чыгабыз го дейм. Азырынча материал жок.

Ушундай эле пикирин Vesti.kg сайтына депутат Максат Сабиров дагы бөлүштү.

- Эгерде «Өнүгүү-Прогресс» фракциялык чечим чыгарса, биз ошондо гана бул маселени карап чыгышыбыз керек - деди парламент мүчөсү. - Бирок, азырынча эч нерсе белгисиз. Бул азырынча ачык маселе го менимче.

Тактай кетсек, кечээ-жакында ЖК депутаты Исхак Масалиев фракциянын кароосуна ЖК спикери Дастан Жумабековду отставкага кетирүү сунушун киргизген. Ал төрага өз милдеттерин так аткарбай жатат деген пикирде. Масалиев, спикердин акыркы сүйлөгөн сөздөрү бүтүндөй парламентти уят кылды деп эсептейт.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх