Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайрат Осмоналиев: ТИМ ЖМКларды сотко бергендердин жактоочусу болуп алгандай пикир калууда

ТИМдин ОБСЕнин билдирүүсүнө жасаган реакциясы мурдагы дипломатиялык кызматкерлерди кайчы пикирге салды

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги биздин өлкөдө ЖМКларга эч кандай кысым көрсөтүлбөй эле тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн өтө шашылыш таратып жиберди. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Дипакадемиянын мурдагы проректору, профессор Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

- Мен дипломатия тармагында иштегем жана ал жерче чечимдер кандай кабыл алынарын жакшы билем - деп белгиледи ал. - Кыязы, ТИМдин бул кайрылуусу Ак үйдүн 7-кабатынын буйругу менен аткарылган. Чечкиндүүлүк жагынан да, ыкчамдуулук жагынан да бул байкалууда. Биздин тышкы саясий мекемебиздин билдирүүсүнөн кийин көптөрдө ТИМ ЖМКларга каршы сотко бергендердин жактоочусу болуп алгандай пикир калды.

Кайрат Медербекович тышкы саясий мекеме билдирүү таратып өтө шашып жиберди деп эсептейт.

- Мындай учурларда жок нерсе үчүн көкүрөктү каккылабай, убакыттын өтүшүн күтүп турган оң - деди ал. - Бирок, мындай нерсе бизде чечим жогору жактан түшкөн учурда байма-бай кезигишет. Мисалы, Крым тууралуу чечим боюнча да ушундай болгон. Албетте, анан ТИМди сындашат, анткени, жарандарга мекемеден жардам керек болсо, алар мынчалык ыкчам иштешпейт да.

Муну менен бирге башка мурдагы дипломат жана саясат таануучу Марс Сариев Тышкы иштер министрлигинин аракеттерин толук негиздүү деп атоого болот деп эсептейт.

- ТИМ реакция кылышы керек болчу - бул чынында эле биздин өлкөнүн жеке маселеси да - деди ал Vesti.kg сайтына. - Эл аралык уюмдар мамлекеттин ичиндеги абалды эске алышы керек, бизде азыр, айткандай абал жөнөкөй эмес. Шайлоо жакындаган сайын абал дагы чыңала берет.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg КРнын ТИМнин ЖМК маселелери боюнча ОБСЕнин өкүлү Арлем Дезирдин өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу билдирүүсү боюнча кайрылуусун жарыялаган эле.
Ал журналисттерге каршы жазылган доо арыздарга жана МККнын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов алардан талап кылып жаткан акчанын суммасы боюнча тынчсызданып жатканын жазган. Арлем Дезирдин айтымында мындай абал биздин өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх