Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстан дагы шылдың болгону турат». Эксперттер Бекназаровду КРнын Малайзиядагы элчиси катары көрүшпөйт

Саясат таануучулар экс-башкы прокурор дипломатиялык билим менен тажрыйбага ээ эместигин, чет тилдерде сүйлөбөсүн эске салышты

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчисине такыр эле ылайыктуу эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт, КРСУнун эл аралык укук кафедрасынын жетекчиси Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында Кыргызстанды башка мамлекеттин аймагында көрсөтүү үчүн дипломатиялык билим жана жетишерлик тажрыйба болушу керек.

- Элчи - өз кызматына татыктуу болгон мамлекеттин жүзү - деп белгиледи Бөрүбаешев. - Ал иштей турган өлкөнүн тилин, маданиятын билүүгө милдеттүү. Тилекке каршы, акыркы кезде элчилик кызматка кесипкөй эмес адамдарды дайындашчу болду. Алар же бийликтегилерге жакын адамдар же аларга ыңгайсыздык жаратып жаткандар. Бекназаров - таптакыр ылайыксыз талапкер.

Бекбосун Ишенбекович Кыргызстанда кесипкөй адистер көп экенин кошумчалап. эмнеге бул кызматка Бекназаровду сунушташканын түшүнбөй жатканын айтты.

Ал ортодо башка көз карандысыз эксперт, профессор Айнура Арзыматова эгерде Бекназаровду элчи кылып дайындашса, анда Кыргызстан дагы бир жолу «шылдыңга каларын» Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.

- Азимбек Бекназаровду элчи кылып дайындоо такыр эле акылга сыйбаган нерсе, - деп баш чайкады Айнура Атыгаевна. - Биз дагы шылдың болгону турабыз. Чет өлкөдөгү дипломатиялык корпус канча сынга калып жатат, бийлик болбой эле ушул багытта бара жатат. Бул ачык эле соодалашуу. Аны ушундай кызматка отургузуу менен алар: «Иште дагы оозуңду бас» дегендей болууда. Болбосо башкача муну кантип түшүндүрсө болот? Анын дипломатиялык билими жок, бул тармакта бир дагы күн иштеген эмес. Сөз жок.

Эксперт Бекназаров апрель революциясынан кийинки көптөгөн окуялардын күбөсү болгондуктан бийлик менен макулдашууга барганын божомолдоду.

- Ал көптү билет, алардын казанында кошо кайнаган, ошон үчүн аны Малайзияга жиберүүнү сунушташууда, - деген оюн ортого салды Арзыматова. - Бекназаров курултай уюштурам деп коркутуп жаткан. Элчи болсо, эч кандай курултай жөнүндө сөз дагы болбойт да.

Дагы бир эксперт ОшМУнун эл аралык мамилелер кафедрасынын жетекчиси Кульсара Султанованын пикири дагы кесиптештериникинен айырмаланбайт. Vesti.kg сайтына берген маегинде ал Бекназаров дипломат катары иштеп баштардан мурда жок дегенде эки тилди үйрөнүшү керек деп баса белгиледи.

- Биздин өлкөнү чет мамлекетте көрсөткөн адам жок дегенде эки тилде эркин сүйлөшү керек, - деди Султанова. - Элчи болуу үчүн эл аралык мамилелер тармагында билимге, тажрыйбага ээ болуш керек. Бул жакшы тандоо эмес, менимче. Мен бул чечимди колдобойм.

Бекназаровдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, кечээ 16-декабрда эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитет тарабынан мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Кыргызстандын Малазиядагы элчиси кызматына каралары белгилүү болгон.

Азыркы учурда КРнын Малайзиядагы элчилигин Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Малика Акматбаева жетектейт.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх