Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгисиз адам митингдин алдында Динара Ошурахунованы телефондон коркуткан

Укук коргоочу атайын кызматтарды шекшүүдө. Ушундай эле телефон чалуу Сапар Исаковдун жактоочусуна дагы түшкөн

Белгисиз эркек адам телефон аркылуу бүгүнкү REакция 2.0 тынчтык митингине бара жаткан укук коргоочу Динара Ошурахунованы коркуткан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына активист айым өзү маалымдады.

- Мен унаада болчумун, тынчтык митингине жөнөп жаткам, - деди Ошурахунова. - Мага белгисиз бир номурдан чалып коркута башташты. Эркектин жоон үнү угулду. Жакшы угулбай жатты, бирок «тополоң кылсанар өпкөңдү үзөм» деп кыргызча айтканын түшүндүм. Андан кийин байланыш үзүлүп калды, кайра чалсам, андай номер жок болуп калыптыр.

Укук коргоочу чалгандар атайын кызматтын же укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүн деп эсептейт.

- Кечээ кечинде мага бүгүнкү акциянын модератору Улан Үсөйүн чалган, - деп сөзүн улантты ал. - Ал ага БИИБден телефон чалышканын айтты. Милиция кызматкерлери ага акцияны өткөрүүгө тыюу салынганы жөнүндө соттун чечимин көрсөтөлүк дешкен экен. Бул саат 21:00дө болгон. Мен өз телефон номурумду берип, мага чалышсын дегем. Алар мага кайра чалышып, Биринчи май РИИБне чакырышкан. Мен ал жакка барбай, аларды митингге келип, ошол жерден чечимди көрсөтүүгө чакырдым. Атайын кызматтын кызматкерлери эле го деп турам.

Белгисиз адамдар Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновго дагы ушундай эле коркутуулар менен чалышкан.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх