Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арам ойлуу эч нерсе деле жок. Ирина Карамушкина депутаттар Бекназаров менен жабык жыйында эмнени сүйлөшүшкөнүн айтып берди

Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков элчиликке өзүнө ыңгайлуу талапкерди тандап алды деп эсептейт. Кандайдыр-бир келишим болгон деле болушу мүмкүн деген пикирде

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бир дагы мүчөсү Азимбек Бекназаровго Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызмат ордуна анын талапкерлиги каралып жаткан учурда кандайдыр-бир арам ойлуу суроо берген жок. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына депутат Ирина Карамушкина билдирди.

- Дипломаттар жок дегенде чет тилдердин бирөөндө сүйлөшү керек, - деп эске салды парламент мүчөсү. - Ментышкы иштер министрлиги ушундай начар акыбалга келип калдыбы, алар кесипкөй, тажрыйбалуу бир адамды таба албай коюштубу деп абдан таң калдым. Ал Кыргызстанды көрсөткүдөй харизмага да ээ эмес. Мен кесиптештеримди көздөрүн ачууга чакырып жаттым. Эч кандай арам ойлуу деле суроо болгон жок. Алар ал жерде халал азыктар жайылганын жана Малайзиянын маданияты жөнүндө айтып жатышты. Менимче, Жээнбеков өзүнө ылайыктуу фигураны тандап алды жана алардын ортосунда келишим болгон деп да эсептейм.

Профилдик комитеттин жыйынында Карамушкина Бекназаровго англис тилинде«How old are you?» (Канча жаштасыз?) деген суроо узаткан. Бекназаров анын бул суроосуна кийинчерээк жооп берерин айткан. 

- Мен ага бешинчи класстын деңгээлиндеги эң эле жөнөкөй суроо бердим,- дейт Карамушкина. - Ал принципиалдуу түрдө кыргыз тилинде сүйлөп, менин суроомо кийинчерээк жооп берерин айтты. Бекназаров менин суроомо түшүнгөн жок жана өзү муну далилдеп койду. 

Жакынкы арада палата Бекназаровдун талапкерлигин КРнын элчиси кызматына бекитиши керек, кийин документке президент кол коет.

Тактай кетсек, кечээ 17-декабрда эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттик комитет Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына жактырган.

Комитеттин 12 мүчөсү Азимбек Бекназаров үчүн добуш берип, бир гана Ирина Карамушкина каршы чыккан.

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх