«Кырк Чоронун» өкүлдөрү Райымбек Матраимовду тарбиялаганга даяр (видео)
Активисттер МБКнын төрагасынын мурдагы орун басарынын күнөөсү далилдене турган болсо, аны «чет элдик агенттерден» коргоого ниеттенип жатышканын билдирди
«Кырк Чоро» бирикмесинин мүчөлөрү бүгүн «Ала-Тоо» аянтында чогулушту. Алардын лидери Замир Кочорбаевдин айтымында алардын максаты коррупцияга каршы жана сөз эркиндиги үчүн күрөшүү болгон, бирок, «үчүнчү жактарсыз» гана.
Бирок, «Кырк Чоронун» кээ бир тарапташтары журналисттерге митингге гейлерге каршы келишкенин айтып жатышты.
Кочорбаев алардын «REакция 2.0» митингине катышуу суранычы четке кагылганын андыктан, алар өз талаптарын өзүнчө айтып чыгышарын «Кырк Чоронун» мүчөлөрүнө маалымдады.
Сөз сүйлөп жатып, алардын бирикмеси «Райымбек Матраимовду коргоп жатат» деген сөздөр боюнча пикирин айтты.
Замир Кочорбаев Матраимовдун күнөөсү далилдене электигин баса белгиледи.
Мындан сырткары, «Кырк Чоро» КБнин мүчөсү Кеңешбек Айтикеев Райымбек Матраимовдун күнөөсү далилдене турган күндө дагы, алар аны «чет элдик агенттерден» коргоого даяр экенин билдирди.
Айтикеев кыргыздар илгертен өз уулдарын таштап кетпегенин жана «Кырк Чоро» Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары чын эле өлкөдөн миллиондорду чыгарып кеткен болсо аны жазалап, тарбиялоого даяр экенин айтты.
Муну менен бирге ал Матраимовду камаган күндө деле өлкөдө коррупция жоголу кетпесин кошумчалады.
«Биз силер менен саясатчылардын акчаларына алданганбыз. Аларды биз өзүбүз шайлаганбыз. Күнөө өзүбүздө дагы. Миң Райымды камагыла - жыйынтык болбойт. Коррупция биз туура чечим кабыл алгыча жашай берет. Көзүңөрду ачкыла. Жакында парламенттик шайлоо да келатат», - деген Айтикеев.
Зулайка Эркимбаева
Фото www