«Кырк чоронун» мүчөлөрү «Апрель» каналын сотко бериши мүмкүн. Активисттер кечирим суроону талап кылышууда
«Бизди нацист, мырк, фашист жана колхоздор деп жатышат»
Бүгүн аянтта REакция 2.0 нааразычылык акциясынан алыс эмес жерде митинг уюштурган «Кырк чоро» бирикмесинин мүчөлөрү «Апрель» телеканалын сотко бергени жатышканын билдиришти. Алардын айтымында «апрелчилер» «Кырк чоро» кыймылын Райымбек Матраимовдун жактоочулары катары көрсөтүп коюшкан..
«Апрелчилер» эл алдында кечирим сурасын, болбосо биз аларды сотко беребиз», - деген талап коюшкан алар.
Акцияга катышкан активист Айбек Мырза Кыргызстанда азыр маалыматтык согуш жүрүп жатканын билдирди.
«Бизди нацист, мырк, фашист, колхоздор деп жатышат, - деп ачууланды ал. Мен жеке өзүм «Кырк-Чоронун» өкүлү эмесмин, бирок, бизди эмнегедир музейдеги жылаңач аялга байланышкан чырга кошо беришет. Биз маалыматтык согуштун курмандыгына айланбашыбыз керек. Бардык саясий күчтөр менен кайдыгер карабаган жарандардын баарын келерки жылдын 8-февралында өтө турган курултайга катышып, коомдо толуп кеткен көйгөйлөрдү талкуулоого чакырам. Биз анда Кумтөр жана Жерүй маселелерин дагы көтөрмөкчүбүз. Элдик байлыкты чет өлкөлүк компаниялар тоноп кетпеши керек. Биздин кен байлыктар биздин элге кызмат кылууга тийиш».
Курултай кайсы жерде өтөөрү туурасында суроого Айбек Мырза: «Керек болсо, курултайды Кой-Ташта деле өткөрөбүз» деп жооп берди.
Толкун Сагынова
Фото www