Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Өмүрбек Бабанов саясат менен бизнести аралаштырып жиберди

Президент анын мурдагы атаандашынын иштери боюнча тергөө жүрүп жатканын эске салды

Сооронбай Жээнбековго басма сөз жыйында ал президенттик жарыш учурунда коррупция менен күрөштү Өмүрбек Бабановдон баштарын айтканын эске салышты.


Бабановго сизде 25 сурооңуз бар эле. Алар качан берилет? - деп сурады журналист.

Президент Өмүрбек Токтогулович саясат менен бизнести аралаштырып жибергенин айтты.

Ал чоң саясатта дагы, чоң бизнесте дагы болду. - Мен иш сапарында жүргөндө ал съезд өткөрүп, партиясын өзүнүн партиялашына өткөрүп бергенин уктум. Президенттик шайлоодо ал менин негизги атаандашым болчу, шайлоодон кийин кандайдыр-бир өлкөдөн чыгып кетти. Буга дагы менин атымды кошконго аракет кылышты. Белгилегим келет, ал чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыктары аралашып кеткенинин таза үлгүсү. Биз анын иштери боюнча тергөө жүрүп жатканын көрүүдөбүз. Убакыт таразалайт. Эмне болорун көрөбүз.


Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх