Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Минфин: Мамлекетте Чыңгыз Айтматовдун музейин оңдоп-түзөөгө каражат жок

Мекемеде жазуучунун үй-музейи маданият министрлигинин балансында эмес экенин эске салышты

Мамлекетте Чыңгыз Айтматовдун музейин оңдоп-түзөөгө каражат жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун суроосу боюнча финансы министринин орун басары Улукбек Карымшаков ушундай билдирди.

Документти социалдык тармактарда парламент мүчөсү өзү жарыялаган. Катта жазуучунун музейи КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансында эмес экени, буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен каржыланбай тургандыгы жазылган.

Мындан сырткары, Маданият министрлигинде Айтматовдун музейин реконструкциялоого каражат бөлгүдөй мүмкүнчүлүк жок экени, бирок өкмөт депутаттын сунушун эске алып, демөөрчүлөрдү тартууну сунуштаары белгиленген.

«Чыңгыз Айтматовдун музейине акча жок, бирок силер, белиңерди бекем, кармангыла ээ», - деп бул абал боюнча өз пикирин Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына жазган.

Эске салсак, буга чейин эл өкүлү Жогорку Кеңеште Айтматовдун музейине башка мамлекеттердин жетекчилери баш багарына карабастан Кыргызстандын өкмөтү жетишерлик көңүл бөлбөй жатканын айткан эле.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх