Сооронбай Жээнбеков - журналисттерге: Кайсы КМШ өлкөсүндө биздикиндей сөз эркиндиги бар экен?
Президент ММК өкүлдөрүнө сөз эркиндиги чоң жоопкерчиликти жүктөөрүн эске салды
Кыргызстанда журналисттер каалаганын жазышат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жылдык жыйынында билдирди.
Президенттин айтымында эч ким ММКды чектебей, прессанын жумушуна бут тоскон жок.
Эмне кааласаңар ошону жазасыңар, - деп президент журналисттерге кайрылды. - Кайсы КМШ өлкөсүндө биздегидей сөз эркиндиги бар экен? Мен же менин аппаратым сиздерге эмне жазышты таңуулабайбыз. Мисалга, мен президентикке талапкер кезидмде ММКлардын бири мени радикалдык экстремист деп жазган. Шайлоодон кийин мен аларды чакырып, сүйлөшкөм.
Жээнбеков ар дайым сөз эркиндигин коргоп келерин, бирок, журналисттер дагы өзүнүн жоопкерчилигин сезүүгө тийиш экенин кошумчалады.
Сөз эркиндиги деле чоң жоопкерчилик, андыктан аны баалап, аны сезиш керек. Биринчи кезекте биз мыйзамды баалашыбыз керек, - деп баса белгиледи президент.
Гулиза Чудубаева
Фото www