Жээнбеков: Мага мурдагы партиялаштарым келишет. Мен аларга жардам бербейм деп айтам
Президент КСДПдагы мурдагы санаалаштарын көргөндө жүрөгү оорурун жашырган жок
Парламенттеги кийинки чакырылышты кыргызстандыктар өздөрү түзөт. Бул тууралуу жылдык жыйындын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында анын кабинетине кээде айрым кишилер келип, Жогорку Кеңешке кийинки шайлоолор качан өтөрүн сурашат.
- Мен шайлоолор калыс өтөт деп жооп берем, - деди өлкө башчысы. - Парламентке кыргызстандыктар шайлаган адамдар келет. Агитациялык иштер башталса, бардык партиялар добуш алуу үчүн болгон күчүн жумшайт. Мен, бирок, шайлоо таза өтүш үчүн бардыгын кылам. Мурда болгондордун кайталанышына жол бербейм.
Жээнбеков ага КСДПнын мурдагы партиялаштары дагы кайрыларын кошумчалады.
- Парламенттен мен мурдагы партиялаштарымды көрөм, - жүрөгүм ооруйт аларга, ичим сыздайт, - деди ал. Менден «Эмне кылабыз?» деп сурашат. Мен: «Маселелериңерди өзүңөр чечкиле, мага ишенбегиле, мен эч кандай жардам бере албайм» деп жооп бердим. Босого чек боюнча, муну парламент элдин пикирин угуп туруп өзү чечет.
Зулайка Эркимбаева
Фото