Сооронбай Жээнбеков: Эң биринчиден, аялзаты бул эне, эже-карындаш, өмүрлүк жарыбыз жана кыздарыбыз
Президентке Feminnale көргөзмөсүндө жылаңач аялдын пайда болушу жаккан эмес
Feminnale көргөзмөсү коомду экиге бөлүп койду. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков жылдык жыйындын жүрүшүндө билдирди
Анын айтымында көркөм сүрөт музейинде жагымсыз окуя болуп өткөн.
Эң биринчиден, аялзаты, бул эне, эже-карындаш, өмүрлүк жарыбыз жана кыздарыбыз. Биздин ата-бабалырыбыз аялдарга дайыма аяр мамиле кылышкан. Биздин чоң энелерибиз улуттук баш кийимибиз - элечекчен жүрүшкөн. Ал эми, коомдо аял өзүн жылаңачтап жатканын аялдарды кемсинтүү деп эсептейм. Биринчи кезекте, өзүңдүн жакындарың жөнүндө ойлошуң керек. Кээ бир саясатчылар «төө чечмей» оюнунда аялдардын чечинүү салты болгон деп жатышат. Бул аларды шылдыңдоо да.
Жээнбеков келерки жылы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейин оңдоп-түзөөгө каражат бөлөрүн эске салды.
Гулиза Чудубаева
Фото www