Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков бажыдагы коррупция жөнүндө: Мен органдардын жетекчилерин урушам, ал эмес сөккөм

Президенттен ага Матраимовдор боюнча дагы канча факты көрсөтүү керек экенин сурашты

Президенттин жылдык жыйынында журналисттер Сооронбай Жээнбековдон бажы тармагындагы коррупцияга көңүлүн буруу үчүн ага дагы канча факты көрсөтүү керек экенин сурашты.
Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражаттар боюнча журналисттик иликтөө жөнүндө мамлекет башчысынын эсине салып: «Биз укук коргоо органдарына бардык материалдарды өткөрүп бердик жана алардын көчүрмөлөрүн сизге ушул жерден берүүгө даярбыз. Сизге фактылар жетиштүүбү же дагы керекпи?» - деп прессанын өкүлү президентке кайрылды.

- Бажыдагы коррупция боюнча учурда мен жок дегенде мекемедеги паракорлуктун санын азайтууга аракет кылып жатам, -деп жооп берди Жээнбеков. - Бул багытта иштер башталды. Биз өткөрмө бекеттерди санариптештирип жатабыз. Мисалы, Иркештам менен Торугартка биз камераларды орнотуп койдук. Ошондой эле, мен МБКда текшерүү кылууга милдеттүү болгон органдарды тазалоо тапшырмасын койдум. Бул коррупциялык схемалар жылдар бою түзүлүп келген жана эгерде, мурда күрөшүшпөгөн болсо, демек, президенттер мунун башында турган.

Муну менен бирге ал Раимбек Матраимов кыргызстандын бажысындагы жалгыз коррупционер эмес экенин кошумчалады.

- Сиздер Раим жөнүндө айтып жатасыздар, бирок, андайлар көп да, - деп белгиледи мамлекет башчы. - Силер башка, бажынын катардагы кызматкерлери кандай жашаганын көрдүңөр беле? Ал жерде коррупция бар экенин эч ким жашырбайт. Мен органдардын жетекчилерин урушам, сөккөм ал эмес. Азыр жемкорлордун саясий технологдорду Раимдин образын түзүп, мага чаптагылары келип жатат. Түшүнөм, мен президентмин жана жооп беришим керек. Бирок, силер дагы түшүнсөңөр - тергөө жүрүп жатат, УКМКда комиссия түзүлүп, ал иш алып барууда. Депутаттар Раимбек Матраимов, Ширин Айтматова жана башкалар суракка чакырылган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх