Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Чынын айтканда мен өзүм Бекназаровго элчилик кызматын сунуштадым

Мурдагы экс-башкы прокурордун талаштуу дайындалышы боюнча жооп берип жатып, президент Турдакун Усубалиев деле элден чыккан жөнөкөй адам болгонун эске салды

Президент Сооронбай Жээнбеков экс-башкы прокурорго Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматын өзү сунуштаганын маалымдады.

Мамлекет башчысынын айтымында Бекназаровдун жана башка оппозиционерлердин дайындалышы «ооздорду жабуу» аракети эмес.

- Кыргызстандын тарыхында эч ким билбеген жана ыңгайсыз нерселерди сүйлөгөн адамдарды дайындашкан күндөр болгон, - деп белгиледи Жээнбеков. - Бирок, бул адамдар элден болгон. Мисалы, Турдакун Усубалиев. Чынын айтканда, Бекназаровго элчилик кызматты мен өзүм сунуштадым. Ал көп жылдар бою оппозицияда болду, өз ишин жакшы алып барат деп ишенем.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх