Феликс Кулов: Жээнбеков менин бир таанышыма кийин узурпатор атка конууну каалабасын айтыптыр
Экс-премьер президент пресс-конференцияда Алмазбек Атамбаевге караганда өзүн карманып, жакшы жооп бергенин белгиледи
Сооронбай Жээнбеков жылдык жыйынында эң көп талкуу жаратып жаткан суроолорго абдан токтоолук менен жооп берип, кимдир-бирөөлөрдү мазактаганга барбаганы, албетте, абдан жакшы. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына экс-премьер-министр Феликс Кулов бөлүштү.
- Эң башкысы - президенттин жооптору мурдагы мамлекет башчысында кээде кезиккендей мазактоочу, кемсинтүүчү мүнөздө болгон жок, - деп белгиледи ал. - Анын мурдагы кесиптешин, албетте, эске албай эле койсок болмок, бирок бардыгы салыштыруудан анык болот эмеспи. Жээнбеков ал тургай Атамбаев жөнүндө дагы кейип, адамгерчилик менен сүйлөп жатты. Анын үстүнө кимдир-бирөөгө жакпаса дагы президент тигил же бул иштерге сот чекит коюш керек деп туура айтты.
Феликс Шаршенбаевич мамлекет башчысына ар кандай суроолор боюнча бир нече жолу кайрылганын жана анын позициясы кандай экенин өз көзү менен көргөнүн кошумчалады.
- Мен бир жолу Сооронбай Жээнбековдон абактагы Өмүрбек Текебаев менен башка саясатчыларга ырайым кылуу маселесин карап чыгууну өтүнгөм, - деп айтып берди ал. -Анда юристтер мамлекет башчысына президент ырайым кылыш үчүн алар өздөрү ага кат менен кайрылышы керектигин айтышыптыр. Жээнбеков өзү юрист эмес, андыктан, мыйзамга каршы келчү чечимдерди кабыл албай, профессионалдардын кеңештерин угат. Мен ишенген бир адам Сооронбай Жээнбеков менен маектешип, ал ага тигил же бул иштер боюнча эч кандай көрсөтмө бербесин, анткени, кийин артынан жаман сөздөрдүн ээрчишин каалабасын айтканы жөнүндө мени менен бөлүшкөн. «Бүгүн баары менден коркот, эртең президент болбой калганда тигини камап, муну эркиндикке чыгар дегенимди эсиме салып коюшат», - анын сөздөрү ушул болгон. Чындыгында эле, мурдагы өлкө башчысынын жанында иштегендер ал бийликти узурпация кылып алган деп жатышпайбы. Пресс-конференциядагы жооптор дагы бул позицияны ырастады.
Өз кезегинде саясат таануучу Максат Мамытканов ага басма сөз жыйын таасир калтырбаганын белгиледи..
- Уюштуруу иштери анча деле эмес: дароо үч суроо берүүнү эмнеге ойлоп чыгышканы түшүнүксүз, мамлекет башчы аларды мектеп окуучусуна окшоп жазып отурду, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Мүмкүн, ал биринчи суроого жооп бергиче башкаларын унутуп калышсын деп атайын кылышкан. Анын үстүнө жооптордун өзү деле жөнөкөй айтканда канааттандырарлык болгон жок. Мени, бирок, Жээнбековдун «Газпромдун» башчысын «урматтуу Миллер» дегени эң көп таң калтырды. Негизи, өлкөнүн биринчи адамдарына эле ушундай кайрылат да, бизнесмендерге эмес. Ал эми жалпы жонунан басма сөз жыйынында башка өзгөчө деле эч нерсе болгон жок.
Эске салсак, бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин салтуу басма сөз жыйыны өттү.
Фото www