Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары Бишкекти каптаган кара ыш көйгөйүн талкуулап жатып мушташа жаздашты (видео)

Билектерин сынамакчы болгон Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаевди кесиптештери ажыратып калды

Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттар Бишкекти каптаган караш кыш маселесин кароо керектиги жөнүндө талашыша кетишти. «Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу чаралары жөнүндө» токтомдун долбоорунун демилгечиси - эл өкүлү Марлен Маматалиев эле, бирок, профилдик комитеттин башчысы Кожобек Рыспаев документ комитет тарабынан азырынча карала электигин, бул регламент тартибин бузарын айтып жооп берди.

Маматалиев буга парламент бул маселени карагыча жаз келерин эскертти.

- Силердин балдарыңар ушул аба менен дем алып анан оорушат, - деп кайрылды ал кесиптештерине.

Токтом долбоорунун демилгечисин депутат Тазабек Икрамов да колдоп чыкты.

- Бишкекте азыр эң маанилүү тема экология маселеси болууда, аны караш керек, - деп ал депутаттарга кайрылды.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү Тазабек Икрамов менен и Экмат Байбакпаев кайым айтышып кетип, аз жерден мушташып кете жаздашты. Аларды арачага түшкөн кесиптештери токтотуп калышкан.

 

Вероника Малышева

Медина Купсулдаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх