Ислам изилдөөчү Абдилатиф Жумабаев Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы элчиси болуп дайындалды
Ал 2014-жылдан бери Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси кызматын аркалап келген
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, Жумабаев эмгек ишмердүүлүгүнүн басымдуу бөлүгүн ал теология жана исламды изилдөө менен өткөргөн.
Ал 2014-жылдан бери Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси кызматын аркалап келген. Ага чейин Жумабаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектечү. Баткен облусундагы Лейлек районунун Самат Садыков атындагы орто мектепти аяктаган.
1995-1996 -жж. – Азрети Умар атындагы Ислам институту (Бишкек ш.).
1998-2004 -жж. – Университет «Аль-Азхар», ислам укугу жана юриспруденция факультети.
2004-2005 -жж.. – Жогорку ислам илимдери институтунда магистратура (экинчи курстан баштап, үй-бүлөлүк себептерден улам академиялык эргүү алган).
Абдилатиф Жумабаев «Эко Банк» ААКнун шариаттык кеңешинин мүчөлөрүнүн катарында турган. Бир аз убакыт ИИМнин башчысынын коомдук кеңешчиси болгон. Мындан сырткары, ар кандай жогорку окуу жайларында ислам укуктары жана мусулман теологиясы боюнча сабак берген.
2014-жылдан бери Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси.
Фото www