«Жаңы жылдын алдында тымызын кылынып атат». Дастан Бекешев парламенттен өткөн таң калычтуу мыйзам долбоору жөнүндө айтып берди (видео)
Депутат сөз Конституцияны өзгөртүү же ЖКнын таратуу жөнүндө болушу мүмкүн деп божомолдоду
ЖК депутаты Дастан Бекешев 2020-жылы Кыргызстанда кайрадан Конституцияга өзгөртүү кириши мүмкүн деп тынчсызданууда. Эмнеге мындай божомолдоп жатканы тууралуу ал социалдык тармактар аркылуу айтып берген.
«Элдин баары Жаңы жылга даярданып жаткан маалда, биздин парламентте кызыктуу иштер жүрүп жатат, - деп баштаган ал. - Жаңы эле парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин токтому өттү, анда коюлган колдорду текшерүү боюнча жумушчу топ түзөлүк деп жатышат. Бизге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыялоо жөнүндө мыйзам долбоору түшкөн имиш. Мен бул мыйзам долбоору жөнүндө бир нече ирет сурадым, мага болсо ал жерде эмне деп жазылуу экенин билүүнүн кереги деле жок деп коюшту».
Бекешев анын кесиптештеринен дээрлик эч ким бул эмне болгон документ экенин билишпээрин белгилеген.
«2020-жылы бизди же парламенттин мөөнүтсүз таркатылышы же Конституцияны өзгөртүү күтөт деп божомолдоп жатам, - деген пикирин жазган эл өкүлү. - Так кандай өзгөрүүлөр болот - биз билбейбиз, бирок, жакында баары анык болот. Бул тымызын жана Жаңы жылдын алдында кылынып жатканы өкүндүрөт».
Фото www