­
Тазабек Икрамов: Байбакпаев экөөбүз ЖКнын басма сөз катчысынын өтүнүчү менен камеранын астында элдештик (видео) - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов: Байбакпаев экөөбүз ЖКнын басма сөз катчысынын өтүнүчү менен камеранын астында элдештик (видео)

Депутат кесиптеши экөөнүн түшүнбөстүк гана пайда болуп кеткенин түшүндүрдү

Парламенттин жыйынында аз жерден муштып кете жаздашкан депутаттар Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев кайра элдешишкенин видеого тартып алышкан. Видео ЖКнын басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун баракчасында жарыяланган.

Эл өкүлдөрү көптөгөн элди тынчсыздандырып жаткан кара түтүн маселесин талкуулоо учурунда түшүнбөстүк пайда болгонун камеранын астында айтышкан.

Ал ортодо Тазабек Икрамов ЖКнын басма сөз катчысы Нуракун уулу коомчулукка маалымдоо үчүн видео тартууну өтүнгөнүн билдирди.

- Эч кандай мушташ болгон жок, - деп баса белгиледи Икрамов. - Бул парламенттеги кадыресе иш. Биздин ортобузда түшүнбөстүк пайда болду. Ибраим Нуракун уулу прессада жалган маалыма кетип жатканын айтып, видео тартууну сунуштады. Биз Бишкекти каптап жаткан кара ыш көйгөйүн талкуулап жаткан элек, эмоционалдуулукка кичине берилип кеттик.

Эске салсак, бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттар Бишкекти каптаган кара ыш көйгөйүн талкуулоо керекпи-жокпу деп талаша кетишкен. «Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу чаралары жөнүндө» токтомдун долбоорунун демилгечиси - эл өкүлү Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, бирок, профилдик комитеттин башчысы Кожобек Рыспаев документ комитет тарабынан азырынча карала электигин, бул регламент тартибин бузарын айткан.

Талкуу учурунда депутаттар Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев ортосунда кайым айтышуу болуп, алар аз жерден мушташып кете жаздашкан. Экөөнү кесиптештери арачалап, токтотушкан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх