Равшан Жээнбеков: Биз булардан коркпойбуз! Аягына чейин күрөшөбүз! (видео)
Бишкек шаардык соту ЖКнын экс-депутатын камакта калтырды
Бишкек шаардык соту ЖКнын экс-депутаты Равшан Жээнбековду 2020-жылдын 9-февралына чейин камакта калтыруу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Активист Адил Турдукулов Фейсбуктагы жеке баракчасына соттон саясатчыны алып кетип баратышканда тарапташтарына: «Биз булардан коркпойбуз! Аягына чейин күрөшөбүз!» деп кыйкырган видеосун жарыялаган.
Эске салсак, Равшан Жээнбековду 12-декабрда 7-8-августта Кой-Таш айылында болуп өткөн окуялардын маалында барымтага алууга жана массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип кармалган.
Биринчи май райондук соту экс-депутатты 9-февралга чейин камакта калтырган.
Фото www