Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурдин Сулайманов: Айтматованын күйөөсү урмокко кабылган жок. Анда СИЗОдогу шарттарга нааразычылыгы жок

Ал ортодо экс-депутат өмүрлүк жолдошуна физикалык басым көрсөтпөөнү суранды

Бишкектеги СИЗО-1де кармалып турган ЖКнын мурдагы депутаты Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев ал жактагы шарттарга арызданган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

- Биз 25-декабрда андан кабар алып келдик, - деди Сулайманов. - Эч кандай дооматы жок. Аны эч ким сабаган жок. Ал эч кандай кысымга кабылбаганын айтты.

Ал ортодо кечээ, 26-декабрда Ширин Айтматова Твиттердеги баракчасына бир маанилүү эмес билдирүү жазып, анда күйөөсүн ур-токмокко албоону өтүнгөн.

«Мен твит кылбайм, силер болсо күйөмдү сабабагыла»,- деп жазган экс-депутат.

Эске салсак, 19-декабрда Сыргак Кенжебаев Алматынын аэропортунан кармалган. Бир күндөн кийин жактоочу Жанара Аскар кызы басма сөз жыйын уюштуруп, анда анын жактоосу алдындагы кытай ишкеринин Ширин Айтматованын күйөөсүнүн дарегине болгон дооматтарын толук айтып берген. Бирок, бир нече убакыттан кийин ал эч себепсиз иш-чараны токтотуп салган.

Кенжебаев кытай ишкери жазган арыздын негизинде коррупцияга шектелүүдө. Айтматованын пикиринде анын өмүрлүк жолдошунун камалышы «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Иш ИИМге өткөрүлгөн. Учурда ал СИЗО-1де кармалууда.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх