БШК: Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна парламентке Нурбек Сыдыгалиев келет
Төрт талапкер депутаттык кызматтан баш тарткан
Депутаттык мандатын тапшырган Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна парламентке Нурбек Сыдыгалиев келет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
- Тизмеде Сыдыгалиевге чейин дагы төрт киши бар болчу, бирок, алар тизмеден чыгуу боюнча арыз жазышканынан улам комиссиянын чечими менен мандат Сыдыгалиевге берилди, - деп тактады ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Нурбек Сыдыгалиев өзгөчө кырдаал министринин орун басары кызматын ээлеп келген.
Эске салсак, бүгүн «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбек Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды. Анын айтымында ал партиянын лидери Өмүрбек Текебаев ортосундагы пикир келишпестиктен улам парламенттен кетүүнү чечкен.
«Мен үчүн абийир мандаттан өйдө турат», - деген Шыкмаматов журналисттерге.
Вероника Малышева
Фото www