Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шыкмаматов Текешебаев менен пикир келишпестик тууралуу: Мен чоң катачылык кетирдим. «Эч кимди кумир тутпа» деп бекеринен айтылбайт экен

Экс-депутат чоң саясатта калам деп убада берди

«Ата Мекен» партиясынан чыгуу Алмамбет Шыкмаматов үчүн абдан оор болду. Бул тууралуу журналисттерге бүгүнтөн тарта «мурдагы» эл өкүлү өзү айтып берди.
Шыкмаматовдун айтымында ал Өмүрбек Текебаев менен дайыма достук мамиледе калат.

- Мен бүгүн БШКга арыз жазып, депутаттык мандатымды тапшырдым, - деп маалымдады ал. -Мындан сырткары, «Ата Мекен» партиясынын тизмесинен да чыктым. Бул чечим кабыл алуу менен үчүн абдан оор болду, жүрөгүм ооруду. Ар бир «ата мекенчи» менен жылуу мамилемди улантам. Мен аларды сыйлайм, урматтайм. Алар тайманбас, күчтүү адамдар. Бирок, тилекке каршы мен мындай чечим кабыл алууга мажбур болдум. Буга Текебаев менен жаралган пикир келишпестик себеп болду. Кандай себептер экенин мен айтпай эле коеюн. Мүмкүн кийин мемуарларымда жазармын.

Муну менен бирге Шыкмаматов чоң саясаттан кетпесин убалады.

- Мен конструктивдүү саясий күчтөр менен биригем, саясий ынанымдарым боюнча мен социал-либералмын, - деп белгиледи экс-депутат. - Мен Текебаевдин саясий каршылаштары менен бирикпейм. Активдүү саясат менен алектенем. Мен чоң катачылык кетирдим. «Эч кимди кумир тутпа» деп бекеринен айтылбайт да. Партиядан чыгып, мандатты алып калуу, - эркектикке жатпайт.
Мындан сырткары, ал фракциянын башчылыгына Текебаев дайындаган адам келерин кошумчалады.

Медина Купсулдаева
Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх