Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Татарстанда Раиса Атамбаевага унаа белек кылышканын четке кагышты

Кыскасы, сөз «президенттин атынан берилген белектин» болбогонунда

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаевага өз атынан автоунаа белек кылган эмес. Бул тууралуу REGNUM агенттигинин журналисттерине мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Президенттин атынан Раиса Атамбаевага эч кандай белек берилген эмес», - деп алар маалымдашкан.

Эске салсак, кечээ КСДП Татарстандын президенти өзгөчө оор кылмыштарга айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына жаңы унаа белек кылганы тууралуу маалымат жарыялашкан эле. Рустам Минниханов Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто отурган сүрөтүн көргөндөн кийин унаа белек кылууну чечип, мындан сырткары айдоочунун айлыгын жана күйүүчү майдын да акысын төлөп бергени айтылган.
«Раиса Атамбаева Рустам Миннихановго адамгерчилиги жана көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди», - деп жазылган маалыматта.

Булак
Фото www

https://regnum.ru/news/polit/2821369.html

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх