Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтынбек Сулайманов: Өмүрбек Текебев өзү жазган Конституцияны өзү бузду

Депутат «Ата Мекен» партиясынын лидери «супер президенттик башкарууну» кантип уюштурууга жардам бергенин айтып берди

Өмүрбек Текебаев болгон бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берип койгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүн Facebook баракчасына жазган.
Ал Текебаев өзү жазган Конституцияны өзү бузду деп эсептейт.

«2010-жылы парламент демократиялык принциптерге таянып, спикерди тандады, - деп эске салган Сулайманов. – Текебаевди бул постко шайлашкан эмес. Ал күнү ал утулган эмес, демократия жеңген. Депутаттар менен жөнөкөй эл анда бийликтен коркчу эмес. Ошол күнү депутаттар өздөрүнүн көз карандысыздыгын көрсөтүшүп, өз алдынча бийлик системасын түзүшкөн. Мындай көрүнүш көпкө узаган жок, анткени, мамлекетти башкарууга Алмазбек Атамбаев келген. Ал ишин спикер Ахматбек Келдибековду кызматынан алуудан баштады. Ал муну Текебаевдин жардамысыз кыла албайт эле. Ушинтип, Текебаев өзү жазган Конституцияны бузуп койду».

Алтынбек Сулайманов Өмүрбек Бабанов премьер-министрликтен кеткен күндөн тарта өлкөдө «супер президенттик башкаруу» башталды деп эсептейт.
«Бул тарых жана ага Өмүрбек Чиркешовичтин кошкон салымы абдан чоң, - деп жазган депутат. – Текебаев Атамбаевге ушинтип болгон бийликти колуна берип койгон, эми болсо ошонусуна жооп берип жатат. Биз бардыгыбыз бизде парламенттик башкаруу деп жатабыз. Бирок, чынында андай эмес. Бул ачуу чындык».

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх