Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун жактоочусу: ЖАМК коомчулукту жаңылтууда

Абактагы саясатчынын жактоочу тарабы басма сөз жыйын өткөрүүгө ниеттенүүдө

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаров 2021-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу мүмкүн эмес деп коомчулукту жаңылтууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Юристтин айтымында, Жазык-процесстик кодекстиндеги жаңы толуктоолорго ылайык, Садыр Жапаров 2020-жылдын февраль айында жатак абакка которулуп, ал эми 2021-жылдын октябрында мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулууга тийиш. Ошондой эле, ЖАМК саясатчынын башка жактоочусу Замирбек Базарбековго Жапаров чындыгында эле жатак абакка которула турганы тууралуу документ беришкенин ырасташты.

Бирок, эми болсо мекемеде уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу уюмдун катарында кылмыш жасаганы үчүн соттолгондорду жатак абакка которуу мүмкүн эмес экенин айтышууда. ЖАМКнын маалыматы боюнча аларга мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу да колдонулбайт. Азыркы учурда Жапаровдун жактоочусуна документ кандай жагдайларда берилгенин аныктоо үчүн кызматтык териштирүү жүрүп жатат.

«Аталган факт боюнча ЖАМКнын ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү жактар дисциплинардык тартипте жазаланат»,- деп билдиришти ЖАМКда.

Токтосуновдун айтымында ал жана Жапаровдун тарапташтары жакынкы арада басма сөз жыйын өткөрүүгө ниеттенишүүдө.

- Жапаров буга чейин чын эле уюшкан топтун катарында кылмыш жасаганы үчүн соттолгон,- деди жактоочу. - Жазык-процесстик кодекске жаңы толуктоолор киргенде бул беренени алып салышкан. Алар ушуга гана шилтеме кылып жатышат. Буга чейин ал «өзгөчө оор» кылмыштарга кирчү, эми болсо «оорлордун» ичинде. ЖАМК бардыгын жаңылтып жатат. Биз жакында басма сөз жыйын өткөрөлү деп жатабыз, анткени, алар мыйзамдарды туура эмес түшүндүрүп жатышат.

Эске салсак, октябрдын ортосунда Садыр Жапаровдун жактоочулары президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кат жолдошкон. Бирок, президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча комиссия документти кайра иштеп чыгуу үчүн ЖАМКга жиберген.

2018-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо орун алган митингди уюштурууга жана Ысык-Көл облусунун ошол маалдагы башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11,5 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратылган.

2019-жылдын апрель айында Жогорку сот Жапаровдун арызын жарым жартылай канааттандырып, жаңы кодекстердин күчүнө киргенине байланыштуу мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.
ЖАМКнын маалыматы боюнча, Садыр Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында аяктайт.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх