Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Депутат Райымкулов өзү өзүнө харакири кылып, кара тизмеге кошуп койду»

Жарандык коомдун өкүлдөрү депутаттын «Коммерциялык эмес уюмдарын өздөрүнүн киреше жана чыгашалары боюнча отчет берип турууну милдеттендирүү» сунушуна терс көз карашта

ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдарын өздөрүнүн киреше жана чыгашалары боюнча жыл сайын Мамлекеттик салык кызматына, ошондой эле Улуттук статистика комитетине отчет берип турууну милдеттендирүүнү сунуштады. Муну менен бирге парламент мүчөсү коммерциялык эмес уюмдар өз кызматчылары, ошондой эле алардын эмгек акылары туурасында дагы маалымат берип турууга тийиш деп эсептейт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

«Коммерциялык эмес уюмдардын көпчүлүгү өз ишмердүүлүгүн кайтарымсыз негизде берилген гранттык, бюджеттик, ошондой эле башка акчалай каражаттардын эсеби менен жүргүзөт, - деп белгиленген мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде. - Мындай уюмдардын отчеттуулугу ачык жана түшүнүктүү болушу шарт - мындай жол менен алар кандай ишмердүүлүк жүргүзөөрүн жана кандай жыйынтыктарга ээ болуп жатышканын көрүүгө болот. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатып, алардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкылуулугун көтөрөт».

Өз кезегинде укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Vesti.kg сайтына берген маегинде Кыргызстандагыдай жарандык коомдун мамлекет алдында жооптуулугу башка бир дагы мамлекетте кезикпесин белгиледи.

- Бизде коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн каалаган орган текшере алат, - деп тактады ал. - Жарандык коом биздин өлкөдө жыл сайын коммерциялык эмес уюмдардын ишин баалай турган индикаторлорду иштеп чыгат. Бул маалыматты фокус-топторубузга жөнөтөбүз. Башкача айтканда, коммерциялык эмес уюмдар мамлекетке эле эмес, ревизиондук комиссиялар жана фокус-топторго дагы отчет беришет.

Төлөйкан Асаналиевнанын пикиринде депутаттар Сауд Аравиясы жана башка Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү тарабынан каржыланган уюмдарга көңүл бурушса болмок.

- Биз калкы өз укуктары туурасында билген светтик мамлекет үчүн жан үрөп келебиз, кыязы, бул бардыгына эле жага бербейт, - деп кейиди ал. - Райымкуловдун мыйзамы коомдун ыдырашына алып келет. Ал кырдаалды күчөтүп жатат. Бирок, биз кабатыр деле болгон жокпуз. Бул депутат өзү өзүнө харакири кылып, кара тизмеге кошуп койду. Ушул жылы парламентке шайлоолор өтөт жана ал сыяктуу саясатчылар Жогорку Кеңешке башка келбесе экен деп ишенгиң келет.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх