Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ОшМунун мурдагы кызматкери «ЭлТР» каналынын жаңы директору болуп дайындалды

Айбек Мусаев берген арызына ылайык кызматынан бошотулду

Өкмөттүн аппараты Мусаев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулганын маалымдады. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ошондой эле, премьер анын ордуна Калыкуловду дайындоого да кол койгон.

Маалымат үчүн: Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Билими жогору. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык менен аяктаган.

Керимбек Калыкулов журналистика боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ. Буга чейина л «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, ОшМунун кыргыз филология факультетинин кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинин башкы редакторунун Ош облусу боюнча орун басары, Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.

2014-жылдын июль айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Калыкулов «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы редактору кызматын ээлеп келген.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх