Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болот Темировдун айыптоолору Камчыбек Ташиевди айран-таң кылды

Мурдагы парламент мүчөсү аны «Раим Матраимовдун куйругу» деп атаган журналистке кайрылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун билдирүүсүнө жооп кайтарды.  Тактай кетсек,  Темиров өз билдирүүсүндө Ташиев жана башка бир катар мурдагы депутаттарды Раимдин жана анын өнөктөшү Камчы Көлбаевдин куйруктары деген эле.

«Болот Темировдун билдируусун окуп жаткам,бир маалда эле мени кошуп жазып салыптыр жаман сөздөр менен, тан калдым.
Болотту токмоктоп кетиптир деп укканымда өтө кыжаалат болуп тааныш журналисттерден сураштырып,жардам керек бекен деп сурап кайрылганым эсиме түштү, ошол маалда деле,азыр деле Мекенден алыста жүрөм.
Мен ал жигит боюнча жакшы тилектерди айтсам,  эмнеге ал жигит мен жөнүндө жаман ой калтырган  деп ойлонуп калдым.
А мүмкүн Болотко текст жазып беришип эле окутуп коюшту, заказ менен эле биздин фамилияларды коштуруп койду го. Ал эми журналисттке кол салган кылмышкерлерди таап,мыйзамдын чегинде жазалоо - бул ИИМ учун "дело чести" болуш керек.
Болот иним,эртерээк сакайып кет,сага ийгиликтерди каалаймын, ушактарга ишенбей,ар бир адамга туура баа берүүнү үйрөнөсүң деп ойлоймун», - деп жазган Ташиев.

Камчыбек Кыдыршаевич, ошондой эле учурда Италияда экенин кошумчалаган.

Эске салсак, Болот Темиров үстүбүздөгү жылдын 9-январында басылманын кеңсесинин жанынан ур-токмокко кабылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх