Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимбек Бекназаров: Малайзияга качан кетерим азырынча белгисиз

КРнын жаңы элчиси эмне үчүн али Кыргызстанда экенин түшүндүрүп берди

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп жакында эле дайындалган экс-башкы прокурор азырынча жаңы кызматына кирише элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.
Качан кызматына киришери ага азырынча белгисиз.
- Малайзиядагы элчи кызматына киришүү тууралуу чынында али ойлоно дагы элекмин, - деди Бекназаров. - Өкмөт көптөгөн документтерди даярдашы керек, ошондуктан качан кетерим азыр белгисиз. Учурда бардыгын даярдап жатабыз.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх