Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МККнын башчысы: Сүрөткө байланышкан чыр боюнча журналисттер менен соттошкум келген жок. Төгүнгө чыгарган маалымат гана керек

Алмаз Мамбетов ММКлардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартты

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов «Коопсуз шаардын» камераларынан алынган сүрөт коомчулукка ачыкталып, мындан улам чыккан ызуу-чуу боюнча ММКлардын өкүлдөрү менен соттошкусу келген жок. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү маалымдады.

МККнын башчысынын айтымында ММКлардын өкүлдөрү ага телефон чалышып, макала жөнүндө сүйлөшөлүк дешкен, бирок, ал баш тарткан.

- Мен журналисттер менен соттошкум келген жок, - деп белгиледи Мамбетов. - Мен болгону алар тараптан унаада мен дагы, менин орун басарым дагы болбогону тууралуу маалыматтын жарыяланышын талап кылам. Буга чейинки жазылгандарды төгүнгө чыгарышсын.

Эске салсак, МККнын башчысы Алмаз Мамбетов «Кактус. Медиа» агенттигинин журналисттерин сотко берерин айткан. Буга интернетте жарыяланган 01KG 578 ACD жасалма номурлуу ак «Мерседес» менен Бишкекте жүргөн эркек адамдын сүрөтү себеп болгон. Соцтармактын колдонуучулары аны Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов деп, ал эми жанында отурган аялды - мекеменин төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева деп божомолдошкон.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх