Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Энерготармактын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия өз ишин баштады

Эл өкүлдөрү үч айдын ичинде бардык коррупциялык схемаларды таап чыгууга ниеттенишүүдө

Энерготармактагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча депутаттык комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын мүчөлөрүнүн бири Зиядин Жамалдинов билдирди.

- Биз азырынча бир гана жыйын өткөрдүк, бирок, иш жүрүүдө, - деп белгиледи парламент мүчөсү. - Депутаттар өздөрү бул тармакта адис эмес, ийне-жибине чейин түшүнө алышпасы белгилүү. Андыктан, бул этапта бардык коррупциялык схемаларды таап чыгуу үчүн кесипкөй эксперттерден турган команда түзүлдү. Комиссия так канча убакыт иш алып барары азырынча аныктала элек, бирок, болжолдуу түрдө үч ай болушу мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Жогорку Кеңеште энерготармактагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин изилдөө боюнча убактылуу комиссия түзүлгөнүн жазган эле.
Аталган комиссиянын курамына депутаттар - Мухтар Айнакулов, Өмүрбек Бакиров, Айнура Осмонова, Ильхом Мананнов (КСДП), Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс»), Акылбек Жапаров («Бир Бол»), Бахадыр Сулейманов («Ата Мекен») киришкен.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх