Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кайрадан митинг. Эртең чек арадагы абал боюнча Ак үйдүн жанына эл чогулат (фото)

 

Шаардык ШИИБге нааразычылык акциясы боюнча билдирме түшө элек

Кыргызстандыктар кезектеги жаңжал орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү абалды чечүү талабы менен Ак үйдүн алдына митингге чыгышмакчы.

Эртең боло турган нааразычылык акциясы тууралуу маалымат Фейсбук социалдык тармагында тараган. Митинг эртең саат 10:00дө өтө турганы маалымдалууда.

Публикациянын авторлорунун бири, жарандык активист Vesti.kg сайтына нааразычылык акциясынын расмий уюштуруучулары жок экенин билдирди.

- Эл өзү демилгечи, - деп белгиледи ал. - Мен дагы эртең митингге катышам.

Ал ортодо Бишкектин ШИИБнын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев шаардык милицияга азырынча митинг тууралуу билдирме түшө элегин Vesti.kg сайтына маалымдады.

- Расмий түрдө билдирме ала элекпиз, бирок, биз жарандар акцияга чыгышарын билебиз, - деп тактады ал. - Алар кечээ парламенттин имаратына чыккан эле жарандар. Кечээ эле 15инде кайрадан чогулушарын айтышкан жана учурда социалдык тармактар аркылуу маалымат таратышууда.

Vesti.kg ошондой эле Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Улан Жумаковго кайрылып, ал боло турган митинг тууралуу кабары жок экенин айтып, интернеттеги ал боюнча шилтемени ага жиберүүбүздү өтүндү. Мындан улам комментарий дагы бере алган жок.

Эске салсак, кечээ Ак үйдүн жанында митинг өтүп, анын катышуучулары чек арадагы чыр боюнча кармалгандарды бошотуу талабын билдиришкен.

Кийинчерээк укук коргоо органдары Баткен районунун Көк-Таш айылындагы массалык башаламандыктарды уюштуруп, ага катышууга шектелип КРнын 4 жараны кармалганын, алардын экөөсүнөн ок атуучу курал табылганын маалымдаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх