Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимбек Бекназаров Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мурдагы президенттери менен кезиксе болмок деген пикирде

Экс-башкы прокурор учурда Кыргызстанды кантип өнүктүрүү керектиги жөнүндө китеп жазууда

Кыргызстандын мурдагы президенттери менен учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жолугуп, өлкөнүн өнүгүшүн талкуулашса туура болмок. Мындай пикирин мурдагы башкы прокурор, Кыргызстандын Малайзиядагы жаңы элчиси Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында Жээнбеков мурдагы мамлекет башчыларынан каршылаштарынын «көзүн тазалабаганы» менен айырмаланат.

- Бүгүнкү күндө мени президент менен макулдашып алып, кандайдыр бир маселелерди чечип жатат деп сынга алышууда, - деди Бекназаров. - Мен беш өлкө башчысын көрдүм, алардын бирөө дагы аларды сындагандарды жактырчу эмес. Буга чейин мамлекетти башкарып келгендер өз каршылаштарын «жоготууну» буюрушчу. Азыркы президент элдик курултайдын сунуштарына кулак төшөдү. Ал бизге чынында эле мындай реформалар керек экенин моюнга алып, бирок азыр эмес деди. Илгери биздин ата-бабаларыбыз дагы курултай өткөрүшүп, кеңешип-кептешип анан чечим чыгарышчу. Керек болсо, мурдагы президенттер менен азыркы өлкө башчы бир арага чогулуп, мамлекеттин өнүгүшүн чогуу талкуулашса болмок.

Мындан сырткары, ал Жогорку Кеңештин айрым депутаттары элдик курултай иштеп чыккан мыйзамдарды карап жатышканына нааразы болду.

Муну менен бирге Бекназаров учурда Кыргызстанды өнүктүрүу жолдору жана керектүү реформалар туурасында китеп жазып жатканын кошумчалады.

- Интернетте мени сындашууда, бирок, мен алардын бардыгына жооп бергенге убактым жок, - деп белгиледи ал. - Азыр мен республиканы өнүктүрүу, курултай жана реформалара туурасында китеп жазып жатам. 15 күндүн ичинде жыйынтыктап, бет ачар кылам.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх